Блог: Pro Bono адвокаттарына муктаждык чоң

2016-жылы БУУӨПтүн долбоорунун негизинде, Кыргызстандын Адвокаттар Ассоциациясынын алдында окуу борбор негизделген. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан 100 адвокат окутулган. Алар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгондорго про-боно модели боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулуп келет. Акыркы төрт-беш жылдан бери Кыргызстанда да ийгиликтүү ишке ашууда. Бул топко гендердик жана сексуалдык кордукка кабылгандарга ыктыярдуу юридикалык колдоо көрсөтүүгө кесипкөй адвокаттардын тобу тартылат.

Коомдо кылмышты нормалдаштырган учурлар арбын

“Үй-бүлөдө боло берет”, “урушушат кайра табышышат”, “эркек да, бир чаап койгондур”, “тилинен тапты” деген сыяктуу аргументтер келтирилип, көп учурда үй-бүлөлүк зомбулук нормалдаштырылып, ал турсун зомбулуктун курмандыктары “күнөөлүү” болуп жемеге алынат. “Мурда ала качып эле үйлөнүшкөн” деп адам урдоо фактыларын актап, кайсы жерден кылмыш башталып, кайсы жерде бүтүп жаткан чекти көрө алышпайт. Ал тургай зордоп никеге тургузуу максатында кызды уурдоо боюнча укук коргоо органдары менен адвокаттардын ортосундагы түшүнбөстүк чоң көйгөйдү жаратат. Анткени жер жерлердеги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, “зордоп никеге тургузуу максатында ала качуу”деген беренени каттоодон баш тартышат. Көбүнчөсү денесине зыян келтирди деген сыяктуу башка квалификация менен каттап коюшат.

Бул оор кылмышка киргендиктен аны кайра жабууга жол берилбейт. Андыктан алар ишти сотко жеткирбеш үчүн башка квалификацияга каттап коюшат. Биздин бир иш ушундай болду, адвокаттар зордоп никеге тургузуу максатында ала качуу болгонун айтканына карабай укук коргоо органынын кызматкери РППга зордоп никеге тургузуу максатында ала качуу эмес, башкача каттап, натыйжада протокол да башкача жазылып, иш кыскарып кетти. Кылмышты азайтуу үчүн анын алдын алуу зарыл.

Мындай профилактикалык иштер тээ бала кезинен, үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен башталып, кийин дагы окутулуп турушу кажет. Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү депутаттар менен иш алып баруу маанилүү, анткени айылдарда эмне болуп жатканын бизге салыштырмалуу алар жакшы билишет. Ошол эле саламаттык сактоо, социалдык, билим берүү тармагы бирге иш алып барыш керек. Ар бир тармак өкүлдөрү муну түшүнүп чогуу чаран иш алып баруусу кылмыштын алдын алат.

Жабырлануучулардын адвокаттан баш тартканы — негизги көйгөй

Азыркы учурда жаңы адвокаттарды окутуп баштадык, окуу башталганына бир ай боло элек. Бирок, ошого карабастан 12 иш кароого алынды. Көбүнчөсү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандар. Бирөөсү жашы жете элек кыз боюнча. Анткен менен алар соттошуудан баш тартып, “мындан ары соттошпойбуз” деп артка кетип жатышат. Жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлү ата-энеси, алар болсо соттошпойбуз дешти. Адвокаттар иш алып барып баштаганына үч-төрт күн болгон, тергөөчү менен иштешип жатышса айылдан ата-энеси келип, “бизге адвокат дагы, силердин жардамыңар да керек эмес” дешти.

Муну ата-энеси — 18 жашка чыга элек кызын зордук көрсөткөн адамга күйөөгө бере турганы менен түшүндүрдү. Ал эми биздеги мыйзам боюнча, өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлү юридикалык жардамдан баш тартып же кордук көрсөткөн тарапты сотко бербейм десе, анын чечими эске алынып, иш ошол замат токтотулат. Бул учурда биз алсызбыз, эч кандай жардам бере албай калабыз. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин про-боно адвокаттардын жардамынан баш тартканы башкы көйгөйлөрдүн бири. Жакында бир келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып кайрылган. Биздин адвокаттар дароо ишти карап баштады. Орто жолдон жабырлануучу доосунан баш тартып, ишти токтотулду. Эгерде жабырлануучу тарап иш жүрүп жатканда баш тартпай турса, биздин адвокаттар ишти аягына чейин жеткирүүгө ар дайым даяр.

Бекер жардам берген адвокаттардын тажрыйбасы кенен

Жарандарга жардам берүүдө биз координациядан тышкары өзүбүз жактан мыкты эксперттер менен камсыз кылабыз. Мисалы ювеналдык юстиция, кылмыш иштер же жарандык иштер боюнча дасыккан эксперттерди тартабыз. Ошондой эле боно адвокаттар экспертизага туура суроолорду коюш үчүн психология жана психиатрия тармагындагы адистер менен иш алып барууга көмөктөшөбүз. Мындай жардамдар муктаж адамдарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт. Бекер юридикалык жардамга чынында көптөр ишенбеши мүмкүн. Бирок, бул чын жана анда дасыккан, тажрыйбалуу кызмат көрсөткөн адвокаттар бар, деп ишендирип айта кетким келет.

Про-боно адвокаттардын кызматы дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулат

Про-боно адвокаттар дүйнөлүк тажрыйбада эбактан бери эле колдонулуп келет. Аларды ыктыярчыларга да салыштыргандар болот, бирок, бул андай эмес. Маселен ыктыярчы болуп каалаган адам иштей алат. Ал эми чыныгы кесипкөй адис көрсөткөн жардам про-боно жардам деп аталат. Дүйнөдөгү кесипкөй адвокаттар, ири юридикалык компаниялар, юридикалык мекемелер про-боно жардамдарды берип келишет. Бул филантропия. Тагыраагы, алар адамдарды сүйүү, жардам берүү аркылуу профессионалдуулугун даңазалашат. Дүйнөлүк масштабдагы кээ бир чоң-чоң юридикалык компанияларда юристтерге жылына сөзсүз түрдө 10 сааттан кем эмес про-боно жардамдарды бериш керек деген стандарттар бар. Ал сапаты жагынан да акы төлөнгөн жардамдан эч айырмаланбашы кажет. Бул адвокаттын кадыр-баркын өстүрөт. Про-боно жардам дүйнө жүзүндө мыйзамга атайылап киргизилген норма эмес, бирок ошондой болсо да, бул – салт.

Про-боно адвокат болуу адвокаттын жеке чечими

Учурда бизде 30га чукул адвокат активдүү иштеп жатат. Про-боно адвокаттар бир эле Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык аймактарында иш алып барышат. Акыркы бир ай ичинде биздин боно адвокаттар тарабынан Ош облусу боюнча үч, Чүйдө үч, Бишкекте эки иш алып барылып жатат. Ысык-Көлдөн да бир иш кароонун үстүндө. Про-боно адвокаттар гендердик жана үй бүлөлүк зомбулукка, сексуалдык зордукка туш болгон аялдар жана жаш балдарга жардам көрсөтүшөт.

Назгүл Коңурбаева

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

https://www.bbc.com/kyrgyz/blog-57410759

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*