Чүй облустук милициясында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өттү

Чүй облустук милициясында үй-бүлөлүк жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар өттү.

Облустук милициядан белгилешкендей, 25-ноябрь – Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай Кыргызстанда 16 күндүк “Зомбулуксуз жашоо” өнөктүгү башталган. Өнөктүк 10-декабрга чейин улантылат. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен биргеликте үй-бүлөдөгү жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча семинар өткөрүшкөн.

Жолугушууда милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү, үй-бүлө мүчөлөрү арасындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктарды алдын алуу боюнча лекциялар окулуп, семинар суроо-жооп иретинде өткөн.

http://kg.kabar.kg

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*