Депутат Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия тапшырды

 

Бүгүн 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев баштаган Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин жана “Силоам” көзү азиздер борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендия тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

Иш чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк, “Силоам” көзү азиздер борборунун өкүлү Пак Жи Хун, “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” социалдык борборунун мүдүрү Айдай Төлөнова жана башка бир катар мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен стипендиат студенттер катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, анын ичинде жаштардын билим алуусуна керектүү шарттарды түзүү менен саламаттыгын камкордукка алуу зарыл экендигин айтты. Андан соң эл өкүлү окуусунда ийгиликке жетишкен 17 студентке акчалай стипендия тапшырды.

Эске сала кетсек “Силоам” көзү азиздер борбору жыл сайын студенттерге стипендия тапшырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүп келет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

19-09-2018

http://kenesh.kg

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*