Жогорку Кеңештеги аял депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн талкуулашты

Парламентте 26-октябрда Аял депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өтүп, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттар үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп баратканын айтышып, кризистик борборлорду каржылык колдоону көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары сунушташты.

Форумдун төрайымы Эльвира Сурабалдиева Кыргыз жеринде аялдар менен жаш балдар кордукка туш болуп жатышканын белгилеп: “Бул көрүнүш жалпы коомдун келечеги үчүн коркунучтуу. Айрыкча зомбулукка кабылган балдар менен аялдардын тагдыры көз жаздымда калып, бул кадимки көрүнүш катары кабыл алынып калууда. Андыктан үй-бүлөлүк зомбулук жасалгандан кийин гана жазалоону адатка айлантпастан, мамлекет анын алдын алышы керек”, – деди.

Кыргыз жеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу программасын ишке ашыруу үчүн 25 миллион сом керектелет.

Автор: Автандил Добулбеков

27-10-2016

http://www.super.kg/mobile/kabar/news/164267/

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*