Эмирканова: баланы зордук-зомбулуксуз тарбиялоо керек

Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Айнура Эмирканова балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алыш үчүн аталган борбор тарабынан беш жылдан бери ата-энелер менен мугалимдерге атайын сабактар өтүлүп жатканын айтты.

Анын айтымында, азыркы учурда балдар камкордукка муктаж.

“Бүгүнкү күндө аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары жана алардын ата-энелери менен тыгыз байланышып турабыз. Атайын долбоордун алкагында сабактар өтүлүп, балдарга кантип туура тарбия бериш керек экендигин үйрөттүк. Андан сырткары, балдарга дагы зордук-зомбулукка кабылганда эмне кылыш керек, кимге кайрылса болот деген темаларда сабак бердик. Бала — өсүп келе жаткан гүл. Үй-бүлө куруп, балалуу болом деген ар бир ата-эне баласынын толук кандуу өсүшүнө шарт түзүшү керек. Анын ар тараптан потенциалын жогорулатканга, билим алышына мүмкүнчүлүк түзүп берүү абзел. Кандай гана бала болбосун, ал мээримге муктаж. Балдарыбыз кандай болсо, ошондой жакшы көрүшүбүз керек. Кичине кезинен мээримге суугарылып өскөн бала өзү дагы мээримдүү, акылдуу, боорукер болуп чоңоет”, — деди Эмирканова.

Ошондой эле ал баланын инсандык жактан калыптанышына ата-эненин колдоосу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

https://m.sputnik.kg

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*